Бул тууралуу «Ар намыс» саясий партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. Бириккен фронт Россия менен Кыргызстан ортосунда конфедерация түзүү максатында референдум өткөрүү үчүн кол топтоого уруксат сурап 12-июнда Юстиция министрлигине, 30-июнда БШКга кайрылган. Юстиция министрлиги өз жообунда референдумга байланышкан маселе БШКнын милдетине кирерин белгилеген. Борбордук Шайлоо комиссиясы жооп бере элек. Эгер бийлик мыйзам чегинде жооп берүүдөн баш тартса, Бириккен фронт ШКУнун Бишкек саммитинен кийин нааразылык акциясына чыгышы мүмкүн деп билдиришти уюмдун лидерлери. (BuS)