Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:43

12:51 Эл аралык «Манас» аэропортунун аба каттамдары көбөйдү


Өткөн жарым жылдын жыйынтыгына таянган акционердик коом бүгүн ушундай билдирүү таратты. Анда белгиленгенге караганда, бул аралыкта ишкана аркылуу жергиликтүү жана чет өлкөлүк 16 компания 8390 аба каттам жасаган. Бул өткөн жарым жылдагыдан 1338 каттамга көп. Аба каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү ырааттуу ташыгандардын арасында «Кыргызстан аба жолдору», «Кыргызстан», «Итек Эйр», «Авиа траффик компани», «Ош-Авиа» өңдүү жергиликтүү беш компания жана Улуу Британиянын, Кытайдын, Ирандын, Россиянын, Түркиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын компаниялары бар. Кошумчалап койчу жагы июнь айынан тарта «Кыргызстан» компаниясы Бишкек-Кербен аба каттамын ачты. (BuS)

XS
SM
MD
LG