Бул тууралуу учурда камакта отурган Кушбак Тезекбаевдин өзү акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен абакта жолугушуу учурунда билдирди. Акыйкатчы тараткан маалыматка караганда, Тезекбаев ошондой эле эмне себептен Бишкектин убактылуу кармоочу жайына камалгандыгын түшүнө албай отурганын билдирген.
Кушбак Тезекбаев Ош облусуна келген гуманитардык жардамдарды өз кызыкчылыгына пайдаланды деген айып менен Улуттук Коопсуздук комитетинин Бишкектеги тергөө камагына отургузулган.
Турсунбай Бакир уулу аталган убактылуу кармоочу жайды кечээ кыдырып чыкты. Анда учурда кылмышка шектелген 22 киши отурат. (BuS)