Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги Оштогу кечээги көчмө коллегиянын жыйынтыгы боюнча тараткан маалыматында белгиледи. Министрлик илдет жугузуунун көзөмөлдүн жетишсиздиги, кан берген адамдардын текшерүүдөн терең өткөрүлбөгөндүгү өңдүү себептерин келтирген. Мунун далили катары Ноокат райондор аралык ооруканада болгон окуя белгиленген. Ооруканада СПИДдин ВИЧ инфекциясына тогуз бала чалдыгып, алардын жетөө ооруканада жугузган, бирөө ВИЧ инфекциясына чалдыккан энеден төрөлгөн. Ооруну жаңы жугузгандардын катарында дагы эки медицина кызматкери бар. Расмий маалымат боюнча өлкөдө ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны 1233кө жетти. Алардын 1123ү - кыргызстандыктар. Илдетке чалдыккандардын жарымы Ош аймагында жашашат. (BuS)