Өмүрбек Текебаев менен «Ата мекен» партиясынын Ош жана Жалалабат облустарындагы активисттеринин 29-30-31-июлда жер-жерлерде болгон жолугушуусунда өлкөдөгү саясий-социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды. Саясий уюмдун коомдон алган орду жана аны аймактардагы баштапкы уюмдарын бекемдөө тууралу да сөз жүрдү. Партиянын төрагасы республикадагы учурдагы жагдайдын оор экендигин белгиледи. Шайлоочулар менен партиянын өкүлдөрү Конституциялык жана сот реформасын жүргүзүүнү тездетүү зарылдыгын белгилешти. 1-августта депутат Өмүрбек Текебаев Жалалабат шаарындагы "ата мекенчилер" менен баарлаша турганын партиянын облустук бөлүмү билдирди. (YA)