Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

18:34 Жалалабатта дин уюмдары тууралуу мыйзамдарды иштеп чыгуу маселеси талкууланды


Талкуунун уюштурулушуна диний уюмдарга тиешелүү мыйзамдардын бүгүнкү күндүн талабына дал келбей калганы себеп болгон. Учурда өлкөдө 30дан ашуун диний уюмдар жана расмий катталбаган диний экстремисттик 4 топ бар. Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Тойгонбек Калматов айрым диний уюмдар укугун гана билип, милдетин унутуп койгон мисалдарды келтирди. Анын айтымында буга чейинки мыйзамдарда жашыруун уюмдардын адабияттарын чыгарган жана аны сактагандар менен ташыгандардын жоопкерчилиги каралбаган. Коомчулукта башка динди кабыл алгандарга терс мамиле жасалат. Баптисттер уюмунун башчысы Умар Касымходжаев Каракулжа районунда христиан адамга зордук-зомбулук көрсөтүлгөнүн айтты. (YA)

XS
SM
MD
LG