Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:23

18:43 Жалалабат облустук бийлиги 1-жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды


Облустук бийликтин кеңешмеси жарым жылда өнөр жай жана айыл чарба тармагында 6 миллиард 640 миллион сомдук продукция чыгарылганын белгиледи. Бирок, 87 ишкананын 22си өсүү темпин төмөндөтүп ийген. Облус алты айда эмгек акы менен социалдык төлөмдөргө 25 миллион 955 миң сом карыз болгон. Сузак, Базаркоргон, Ноокен райондорунун айыл өкмөттөрү жер акыларын толук өндүрбөгөн. Аксы, Алабука, Базаркоргон, Ноокен райондору менен Ташкөмүр, Майлуусуу шаарларында жугуштуу сарык оорусу көбөйүп, сыркоолордун саны былтыркыдан 224 адамга өскөн. Аксы жана Алабука райондорунда бруцеллез оорусуна чалдыккандар арбын катталган. (YA)

XS
SM
MD
LG