31-июлда Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов эки милиция кызматкеринин үстүнөн сот ишин улантты. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн алгач беш жана эки кызматкеринин үстүнөн республикада биринчи жолу кылмыш жаза кодексинин 305-беренесинин 1-пункту, башкача айтканда, кыйноо боюнча сот иши уланууда. Өткөн жылдын 22-ноябрында аталган бөлүмгө уурулук боюнча шектүү деп кармалган Акылбек Сакеев эс учун билбей, облустук оорукананын сынык жана жаракат бөлүмүндө көз жумган. Бүгүн бул боюнча үчүнчү жолу соттук кароо болуп, анда милиция кызматкерлеринин күбөлөрү суралды. Эмики сот 10-августта жабырлануучу тараптын күбөлөрүн суроо менен уланат. Ал эми бул иш жабылганда кайра козготуп жаткан «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова айыпталып жаткан эки милиция кызматкеринин дагы эле иштеп жатканына нааразылыгын билдирди. (JI)