Ысыката курортунун жанындагы «Мээрим булагы» бассейининен түшкөн суу Ысыката суусун булгап, жугуштуу оорулар күч алды. Учурда бассейнге коротулган суу ченемсиз чыгымды да жаратып жатат. Буга нааразы болгон эл үч жылдан бери «Мээрим булак» бассейнинин жетекчилиги менен соттошуп, иш аягына чыкпай келет. Акыры тажап бүткөн жергиликтүү эл бүгүндөн баштап каттамдарды токтотуп жолду бууп алышты. Ал эми аталган бассейн учурунда бир адамдын менчиги болуп, ийин «Мээрим» фондуна өткөрүлүп берилген. Ошондон бери ага Ысыккөлдүн Түп районунда жайгашкан жетим балдар үйүнүн жетекчилиги ээлик кылат. Кыскасы бассейн учурда Гулнара Дегенбаева аттуу айымдын менчиги. Гүлнара айымдын өзү акыркы эки жылдан бери бул маселе чиеленип, буга жергиликтүү бийликтин көбүртүп- жабырткан мисалы себеп болду деген жооптуу айтты. Нааразы болгон эл жол тосуусун уланткан жатат. (JJ)