Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

10:09 Жыпаргүл Арыкованын иши шаардык сотто бүгүн каралары күтүлүүдө


Коопсуздук кызматынын камагында отурган журналист Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арыз менен адвокат Бишкек шаардык сотуна өткөн жуманын башында кайрылган. Арызды айыпталуучунун ден соолугунун начарлап кеткендиги менен түшүндүргөн. Ушул эле арызга Жогорку Кеңештин сегиз депутатынын кепилдик берүү тууралуу арызы да тиркелген болчу. Адвокат Айжан Касымалиеванын айтымында, сот арызды качан карарын так айта элек, бирок, мыйзам боюнча арызды кароо мөөнөтү эртең бүтөт. Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкова мамлекетке тыңчылык кылды деген шек менен 19-июнда камакка алынган. Буга чейин адвокаттын биринчи май райондук сотуна берген арызы канагаттандырылган эмес. (BuS)

XS
SM
MD
LG