Кечээ мунайдын бир барелли 78 долларга жетип, ошентип акыркы эки айда мунайдын баасынын өсүүсү 20 пайыздан ашып кетти. Талдоочулар баанын өсүүсүн чийки затты берүүчү негизги өлкөлөрдүн бири - Нигериядагы туруксуздук жана дүйнөдө мунайга болгон талаптын жогорулугу менен байланыштырууда.