Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

АКШ араб өлкөлөрүнөн Ирак үчүн аскерий жардам күтпөйт


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен коргоо министри Роберт Гейтс Жакынкы Чыгышка сапарын Египетке баруу менен башташты. Кечээ ал жердеги белгилүү Шарм эл-Шейх курортунда Райс Египеттин, Иорданиянын жана Перс булуңунда кызматташтык боюнча кеңешке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Анда Кондолиза Райс аймактагы өнөктөш өлкөлөргө аскерий колдоо көрсөтүү менен АКШ алардан Ирак үчүн аскерий жардам күтпөстүгүн белгиледи. Жолугушуудан кийинки билдирүүдө алар баары аймакта коопсуздукту жана тынчтыкты орнотуу аракеттерин уланта берээри айтылган.

XS
SM
MD
LG