Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:02

13:20 Кыргызстандын мектеп деректирлери кесиптик деңгээлин жогорулатууга АКШга барышат


Бул тууралуу мамлекеттин Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиевдин АКШнын тынчтык корпусунун деректири Клаудиу Кьюрик жана анын программа жана тренингдер боюнча орун басары Мэтью Вошберни менен жолугушуу учурунда айтылды. Эми ага ылайык Кыргызстандын мектептеринин 38 деректири кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн АКШга жолдомо алат. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө К. Осмоналиев кыргыз тарабы мындан ары да, өзгөчө айылдык айрым мектептерди англис тилиндеги волонтер окутуучулар менен камсыздоо үчүн тынчтык корпусу менен тыгыз кызматташаарын белгиледи. Ал эми К. Кьюрик быйылкы жылы Кыргызстанга алтымыш беш волонтер келгендигин, алардын кырк төртү бүгүн да "ТЭФИ" долбоору жүргүзүп жаткан семинарларда окутуп жаткандыгын жана ага англис тилин окутуп жаткан кыргыз мугалимдери да катышканын кошумчалады. Бул тууралуу аталган минстирликтин маалымат кызматынан кабарланды. (ESu)

XS
SM
MD
LG