Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

16:04 Жапон өлкөсүндөгү Кыргыз элчилиги Токиодогу “Meguro Riverside” фестивалына катышты


Аталган фестиваль «Экологияны сактайбыз» деген ураан астында өттү. Бул иш чарага Жапон борбор калаасынын ушул районунда жайгашкан бир катар чет өлкөлүк элчиликтер, Жапон компаниялары жана уюмдары катышты. Фестивалда Кыргыз элчилиги өз мамлекетинин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү менен өзүнүн көргөзмөсүн уюштуруп, анда Ысыккөл районунун чеберлери кийизден жазаган элдик буюмдарды, ошондой эле Кыргызстандын жаратылышы жөнүндөгү фото-сүрөт көргөзмөсүн тартуулашты. Ал эми Кейо университетинин профессору Хироричи Йошида Кыргызстан жөнүндө көп уккандыгын жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн жакынкы убакта Кыргызстанга келүүнү каалагандыгын билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министирлигинин маалымат кызматы кабарлады. (ESu)

XS
SM
MD
LG