БАТКЕН. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук мамлекеттик автоинспекциясынан 1-августта кабарлашты. Аймактагы жол транспорт кырсыгынын өсүшүнө жолдордун абалынын начардыгы, жол белгилеринин жана светофорлордун жоктугу, жаш айдоочулардын билимсиздиги себеп болууда. 2007-жылдын алты айында Баткен облусунда 64 оор делген жол кырсыгы катталып, андан 17 адам каза тапкан жана 102 атуул денесинен жарат алган. Ал эми мерт керткендердин төртөөсүн жаш балдар түзөт. (SA)