Багдадда машиненин ичине салынган бомбанын жарылуусунан жайкын калк арасынан 15 адам мерт кетип, кеминде 30 киши жаракат алды. Ирак бийлиги маалымдагандай июль айында салгылашуулардан өлкөдө 1600 дөн ашык жөнөкөй тургундар каза болгон. Бул, июнь айына салыштырмалуу үч эсеге көп. АКШнын Ирактагы командачылыгынын башчысы Дэвид Петреус жана өлкөнүн Багдаддагы элчиси 15-сентябрда Конгресске Ирактагы абал тууралуу доклад жасайт. Ал документ Ирактагы америкалык аскерий күчтөрдүн тагдыры тууралуу маселени чечүүгө салым кошот деп божомолдонууда.