Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

10:10 Кыргыз аскер бөлүктөрүнүн өз социолог жана психологдору болот


Аскер мекемелериндеги уюштуруучулук-штаттык структураны жакшыртууга жана сапат, сан жагындагы өзгөрүүлөргө ылайык социалдык-психологиялык маселелер боюнча командирдин жардамчысы деген жаңы кызмат киргизилди. Аскер социолог жана психологдору тарбиячы офицерлердей иш алып барганы менен, аларга аскердик жамаатка ыңгайлашууга көмөктөшүү, кызмат өтөө маалындагы психологиялык жагымсыз абалдын алдын алып, чың психологиялык саламаттыкты сактап туруу сыяктуу милдеттер жүктөлдү. Андан сырткары социалдык акыйкаттуулуктун сакталышы, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөөлөрү убагында социалдык, медициналык жактан камсыз болуп туруусу боюнча иштешет. Бул туурасында Коргоо министрлигинен кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG