Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:58

13:10 “Манас ордодогу” казуу эки айга чейин токтотулбайт


Бул тууралуу Орусиядагы диаспораларга көмөк көрсөтүүчү “Кредо” корунун президенти Виссарион Хвинтелиани бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кароолдөбөнү казуу “Кредо” кору менен “Манас ордо” комплексинин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде, мыйзамдын чегинде жүргүзүлүүдө. Аталган кор “Манас ордого” көмөк катары 400 миң сом которгон. Хвинтелиани археологиялык чалгындоо иштерин илимий кызыкчылык үчүн жүргүзүп, эч кандай материалдык кызыкчылык көздөбөгөнүн белгиледи. Ал келишимге ылайык календардык 100 күн өтмөйүнчө Кароолдөбөдөгү казуу токтотулбастыгын билдирди. Ал эми президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев болсо "Кароолдөбөдөгү" казуу убактылуу токтотулгандыгын, ал жерде тиешелүү адистердин, эксперттердин катышуусундагы комиссия иштеп жатканын билдирди. ЮНЕСКОнун Борбор Азиядагы изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун директору Калича Ташбаева ушул тапта Кароолдөбөдө казуу иштери улантылып жатканын, аны күзөттөгүлөр казуу жүрүп жаткан жерге киргизбей койгонун "Азаттыкка" маалымдады. (AJ)

XS
SM
MD
LG