ОШ. Бүгүн Ош шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын ички иштер министрлери жолугушмак. Анда диний экстремизмге, эл аралык терроризмге, жалпы эле кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланмак. Кыргызстандын ички иштер министрлигин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун маалымдашынча, кыргызстандык органдар диалогго даяр эле, бирок коңшу мамлекеттин баш милициясы сүйлөшүүнү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинен кийинки убакытка жылдырууну өтүндү. (АТ)
18:50 Кыргызстан менен Өзбекстандын ички иштер министрлеринин Оштогу жолугушуусу жылдырылды