Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


БИШКЕК. Бишкек шаардык гидрометеорология борборунун билдирүүсүнө караганда, 3-5-август күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлөт.

3-августта күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +27...+32 градус.
Таласта түнкүсүн +9...+16, күндүз +25...+30 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +26...+31 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +10...+15, күндүз +19...+24 градус.
Нарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23 градус.
Бишкекте кыска мөөнөттө жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +28...+30 градус.

XS
SM
MD
LG