Райс менен Аббас Палестинада реформаларды өткөрүүгө АКШ тарабынан 80 миллион доллар берүү боюнча келишимге кол коюшту. Жолугушуудан кийин Кандолиза Райс маалымат жыйынын өткөрүп, Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт эки өлкө ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө макул экенин билдирди. Шаршембиде Иерусалимде Райс Олмерт баштаган Израилдин жоон топ жетекчилери менен жолугушкан.