Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:27

20:10 Л. Иванова: Куловго айып тагаардан мурун ал күнөөлөр далилдениши керек


Мындай пикирди “Азаттыкка” Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванова билдирди. Кечээ “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун лидери Феликс Куловго Кылмыш-жаза кодексинин 233 беренесинин биринчи пункту боюнча айып тагылган. Анда зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуу куралды, жарылуучу затты пайдалануу, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолгон массалык баш аламандыкты уюштуруу деп айтылат. Эгерде Куловго тагылган бул күнөөлөр далилденсе, ал мыйзамга ылайык 8 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. (EBM)

XS
SM
MD
LG