Оппозициялык бириккен фронттун башчысы бүгүн журналисттер менен жолугушуп, бул маселенин тегерегинде сөз кылаары кабарланууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Феликс Куловго Кылмыш-жаза кодексиндеги 233-берене боюнча «19-апрелде массалык баш аламандык уюштурган» деген айып такканы эки күн мурда белгилүү болду. Феликс Кулов бул окуя боюнча суракка чакырылып, андан өлкө аймагынан чыкпоо тууралуу тилкат алынган. (SM)