Ишембиде президент Курманбек Бакиев жаңыдан бүтүрүлүп, жасалгаланган конокторду кабыл алуучу жайлардын жана конок үйлөрдүн абалы менен таанышып, коюлган милдеттердин кандай аткарылганынан кабар алышы күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Бүгүн болсо өлкө башчысы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдөн келген журналисттер менен жолугушмакчы. Уюмдун Бишкектеги саммити 16-августта өтөт.(SM)