Бишкектеги «Аккеме» мейманканасында өтчү бул жыйында Кароолдөбөдөгү казуу иштери мыйзамсыз жүрүп жатканы тууралуу сөз болуп, аны токтотуу чакырыгы ташталат. Кечээки маалымат жыйынында болсо Орусиядагы диаспораларга көмөк көрсөтүүчү “Кредо” корунун президенти Виссарион Хвинтелиани казуу иштери аталган кор менен “Манас ордо” комплексинин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде, мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатканын билдирген. Жарандык коомдун өкүлдөрү жана айрым окумуштуу-археологдор бул казуу иштерине тынчсыздануу билдирип, аны тарыхый-маданий мурастарды талкалоо катары баалашууда.(SM)