Тажикстандын Согду облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдурахман Каххаровдун билдиришинче, расмий Ташкен тыйуу салынган Өзбекстан ислам кыймылына тиешеси бар өзбек жарандары аталган аймакта жашырынып жүрөөрүн болжоодо. Согду аймагында болсо быйыл аталган кыймылга тиешеси бар деп шектелген 7 тажик жараны кармалган.