Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

9:40 ШКУнун саммитине карата чүйдөгү даярдык аяктады

Губернатордун орун басары Турусбек Султаналиевдин билдиргенине караганда Чүй облусу айыл өкмөттөрүнүн күчү менен «Манас» аэропортунан Бишкекке чейинки отуз чакырым жолду оңдоо ишин аяктап калды. Бирок кечээ губернатор Кубанычбек Сыйданов жол жээгин ирээтке келтирүүдөгү айрым кемчиликтер үчүн тиешелүү адамдарды сынга алып өттү. Ошондой эле чоң жолдун жээгиндеги айылдардын айрым тургундары короо жайын ирээтке келтиргени менен айрымдар ураган тамдарын да оңдоодон баш тартып жатышат. Эки күн аралыгында отуз чакырым жолдун жээгиндеги он төрт жарыя такталалары жаңыртылып, сегизи ШКУнун Бишкекте өтө турган саммитине ылайык чыгарылат. (JJ)
XS
SM
MD
LG