Бүгүн маалымат жыйынында Бириккен Фронттун лидери Феликс Кулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттетин айыптоолорун четке какты. Анын айтымында, ага карата козголгон кылмыш иши-бул саясий буюртма. “Менимче, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бир нече максат менен кылмыш ишин козгоду. Анын эң негизгиси, бизге Орусия жана башка коңшу мамлекеттер менен конфедерация түзүү демилгесинин ишке ашуусуна мүмкүнчүлүк бербөө болуп саналат”,-деди Ф. Кулов. 1-августта УКМК Феликс Куловго Кылмыш кодексинин 233-беренесине ылайык 19-апрелде массалык баш аламандыкты уюштурду деген айып таккан. (ZMa)