Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

13:34 Ф. Кулов: ШКУнун саммити учурунда эч кандай саясий акцияларды уюштурбайбыз


Бириккен Фронттун лидери Феликс Кулов бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында ШКУнун саммити учурунда эч кандай саясий акцияларга жана тынч митингдерге жол берилбейт деп билдирди. Куловдун айтымында, саясий акциялар мамлекеттин ички иши, андыктан бул ишке эч кимди аралаштырбоо керек. “Мен демилгелүү топту ШКУнун саммити учурунда эч кандай саясий акция уюштурбоого чакырам. Мындай иш-чараларды биз кийинчирээк деле өткөрө алабыз”,-деп кошумчалады Ф. Кулов. 31-июлда Орусия менен конфедерация түзүү үчүн референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топ ШКУнун саммити учурунда Бишкекте нааразылык акцияларын өткөрүүнү болжолдоп жатканын билдирген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG