Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

ЭРГЕШ ТӨРӨБАЕВ: ГЭСтерди КУРУУДА ЖЕҢ ИЧИНЕН ИШТЕР БОЛБОШУ КЕРЕК


1-августта президент Курманбек Бакиев Камбарата ГЭСтерине байланышкан мыйзамга кол койду. Токтогул ГЭСтеринин жана жогорку кубаттагы улуттук электр өткөргүч зымдары каскадынын өзгөчө макамына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү бул мыйзамды парламент узак мөөнөттөгү талаш-тартыштан кийин, жайкы эс алууга кетээр алдында президенттин катышуусунда кабыл алган. Бул жаатта Жогорку Кеңештин депутаты, жалпы эле КМШ мамлекеттерине белгилүү энергетик Эргеш Төрөбаев “Азаттыкктын” суроолоруна жооп берди.

- Камбарата ГЭСтерин куруу бул Кыргызстандын эң ири инвестициялык долбоору болуп калат деп атышат. Ага 2 млрд. доллардын тегерегинде акча жумшалат экен. Эми ал менчиктештирилет. Мындан аркы иштерде тымызын аракеттер болбойт, Кумтөрдүн тажрыйбасы кайталанбайт деп толук ишеним менен айтууга кепилдик барбы?

- Бул маселе боюнча депутаттардын арасында көп талкуу, ар кандай ойлор болуп атат. Биз өкмөттүн жетекчилигине, президентибизге ишенип Камбарата ГЭСинин курулушун ГЭСтерди особый статустан чыгарып, курулушка макулдугубузду бердик. Менин оюмча Камбарата ГЭСтеринин куруу маселеси парламент менен макулдашылат, кандай шартта курулат, канча пайызы биздики болот, суунун, электр энергиянын маселелери конкретүү жазылып туруп, кыргыз элине, жерине, мамлекетине пайдалуу боло турган шартта ушул документке кол коюлат деген чечимди кабыл алдык. Мындан аркысы өкмөт кайсы инвестор таба турган болсо, алар менен келишимди түзүшүп, парламент менен макулдашылып анан кол коюлушу керек. Жең ичинен иштер болуп кеткен болсо анда өтө чоң чатак болушу мүмкүн. Менин оюмча азыркы биздин бийлик ага жеткирбейт го.

- Дагы бир маселе, Бишкек жылуулук башкармалыгынын ТЭЦтин статусу иши тууралуу болуп жатат. Мыйзамда Бишкек ТЭЦин да менчиктештирүү тууралуу айтылды. Мисалы жаңы инвесторлор келсе, ысык сууга тариф ошол замат өсүп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар. Элге бул өңдүү өзгөрүүлөр кыйынчылыкты түзбөшү үчүн маселенин чечүүнүн кандай жолдору бар дейсиз?

- Бул маселени чечүүнүн бир эле жолу бар. Мен бул маселени он жылдан бери коюп келатам. Себеби Бишкек ТЭЦи азыркы кезде бир жылда 1 млрд. 200 млн. сом чыгым алып келет энерго системага. Бишкек ТЭЦинен чыккан жылуулуктун баасы өтө жогору болот дагы, сатылганда ал 5-10 эсе арзан сатылып атат. Ошондуктан Бишкек ТЭЦине бир жарым миллиарддан ашуун чыгым болуп атат. Бишкек ТЭЦин сатканга мен макулмун. Өзүм да ушуну айтып келаткам. Муну ээсине, же мэрияга бериш керек дагы разницасын социалдык начар жашаган элге, пенсионерлерге жана өздөрү төлөй албаган башка потребителдерге мамлекет компенсация кылыш керек. Мисалы 50 сом төлөп аткан болсо, 350 сомду мамлекет компенсация кылса, анда нормалдуу болот.

- Азыркы мыйзам жөнүндөгү талкуудагы, азыр сиз айтып аткан сөздөр дагы бардыгы кылыш керек, болуш керек деп атышат. Бирок ошол эле учурда мыйзам жөнүндө талкуу дагы көп убакытка созулду. Мындан кийинки иштер дагы ушундай созула берсе, качан Кыргызстан энергетикалык саясаттын үлүшүн көрө алат?

- Менин оюмча бул созулбаш керек. Өкмөт президент баш болуп айтып атышат, эртерээк силер бизге жооп берсеңер эле биз сырттан инвестиция таап тезирээк ишке киргизебиз деп. Биз өзүбүздүн милдетибизди аткардык.

- Бүгүнкү Кыргызстандагы бийликтин энергетикалык саясатына сиз ишенесизби, колдойсузбу?

- Бийликтин айтканы боюнча мен колдойт элем. Бирок анча-мынча кооптонуум бар.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG