Жергиликтүү полициянын билдиришинче, АКШ баштаган күчтөр бомбалагандан кийин 20 киши ооруканага жаткырылган. Бирок күбөлөр биздин жергиликтүү кабарчыга согуштук учактар кечээ Багран ооданындагы мазарга бомба таштаганда, ондогон киши курман болгонун айтышты. Коалициялык күчтөр талибдердин кол башчылары чогулган жерди анда бейкүнөө оогандар жок экендиги аныкталгандан кийин бомбаланганын билдирүүдө.