ОШ. Кечээ нөшөрлөп төккөн жамгырдын жана тынымсыз соккон шамалдын кесепети оштуктарга катуу тийди. Жер-жерлерде түзүлгөн комиссиялар тарткан чыгымды эсептей алышпай убара. Расмий булактарга таянсак, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү чоң каналды кум басып, 100 үйдү кыян каптаган. Ош-Ноокат-Исфара автожолу талкаланып, Кыргызата каналы буулуп, 50 чакты үй-бүлө селден качканга араң үлгүргөн.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын, маданият үйүнүн чатырын шамал учуруп кеткен. Ош шаарында да беш үй-бүлө баш паанексиз көчөдө калып отурат. Көп жерлерде бак-дарактар тегиз кыйрап, жолдорду бөгөп таштаган. Кечээтен бери Өзгөчө кырдаал министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгы, Ош шаарынын мекеме, ишканалары жана жашоочулары энергиясыз отурушат. Тиешелүү жетекчилерге чалсак, электр жарыгы кечки саат он тогузда жандырыларын айтышты. (АТ)