Анда катышуучулар спорттун он төрт түрү боюнча күч сынашат. Бул иш-чарага 1674 спортчу катышат деп күтүлүүдө. Спартакиаданын башкы калысы болуп Дене тарбия, спорт, жаштар иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмаз Касенов дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. (ZMa)