Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:39

13:15 Жыпаргүл Арыкованын туугандары президентке кат жолдошту


Ж. Арыкованын ата-энеси жана туугандары ага коюлуп жаткан тыңчылык айып боюнча ишти калыс жана адилеттүү чечип берүүгө президенттин кийлигишүүсүн талап кылып жазылган кайрылууну мамлекет башчынын атына жолдошту. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган Үмүт Арыкова 8-августка чейин жооп болбосо, Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен нааразылык акцияларын улантышарын билдирди.
Жыпаргүл Арыкованын туугандары 3-августта УКМК имаратынын жана Акүйдүн алдына кызынын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен пикетке чыгышкан. Ага “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып менен КР КЖКнин 292-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 19-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG