Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

14:10 Топчубек Тургуналиев: “19-апрелдеги баш-аламандыкка Феликс Куловдун толук күнөөсү бар”


“Эркиндик” саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдирген пикири боюнча 19-апрелде Кулов баш болгон оппозиционерлер саясий жактан жыдыды:

-Кулов баштаган “Бириккен фронт” мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатышкан, алар бийликти алабыз деп ага чейин эле ачык жарыялашкан. Аягында таш ыргытуу, милицияга кол салууну баштап коюп, өздөрүнө ишенип, митингге чыккан элди да сатып, качып кетишти. Кыргызстандын экономикалык жактан чабалдыгына Куловдун да күнөөсү бар. бугунку абалынан куноосу бар. Ал экс-президент Акаевге кошулуп алып, веторлетторду, курал-жаракты, темирдин баарын сатып жиберген. 18 томдук кылмышынын артынан дагы кылмыш кылып алып, мойнуна албай жатат,

-дейт Топчубек Тургуналиев.
Экс премьер-министр, “Бириккен фронттун” лидери Феликс Куловго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 19-апрелде баш аламандык уюштурган деген айып тагылган. Ф. Кулов бул айыптоолорду четке кагып, “саясий буюртма” деп айтууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG