Жаза өтөөчү мекемелер башкармалыгынын “Омега” деп аталган атайын отрядынын командири Адыл Ибраев ок-дары саткандыгы үчүн милиция кызматкерлери тарабынан камакка алынды. Анын ок-дары соодалап жүргөндүгү тууралуу маалыматты тактоо иретинде атайын жүргүзүлгөн сатып алуу учурунда А. Ибраев 5-45 мм калибриндеги 100 ок, 7-62 мм калибриндеги 100, 9 мм калибриндеги 1008 окту, ошондой эле “Заря” деп аталган жарык жана үн чыгаруучу гранатаны саткан. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)