КР дипломаттык кызмат органдарынын ишин мыктылоо боюнча мамлекет башчынын 31-июлда кол койгон жардыгына ылайык мындан ары чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн жетекчилик кызматына атайын төп келүүчү билими жана коомдук-саясий тажрыйбасы бар КР жарандары гана дайындалат. Чет өлкөлөрдөгү башкы консулдук кызматка атайын тажрыйбасы бар жарандар дайындалат. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери чет тилди билүүсү абзел, ошондой эле өздүк сапаты, адистик билими жана саламаттыгынын бекемдиги жагынан өзүнө тагылган милдеттерди аткарууга даяр болушу керек, деп маалымдайт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.(ZKo)