Жолугушуу учурунда Курманбек Бакиев 16-августта өтө турган ШКУнун саммити тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди. Бакиев саммитке даярдыктар 100 пайызга аяктап калганын, Кыргызстан бул иш-чарага өзгөчө көңүл бура тургандыгын белгиледи. Журналисттер президентке ШКУнун аймактагы коопсуздукту камсыз кылуудагы ролу, Кыргызстандын бул уюмда ээлеген орду, баш өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташтык тууралуу суроолорду узатышты. Жолугушууга Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. (ZMa)