Буга байланыштуу кайрылуусун жамаат Президентке, Премьер-Министрге, Жогорку Кеңешке жана маалымат каражаттарына жолдоду.
Анда «Траснпорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов өзү билемдикке салып, жогоруда аталган ишкананын жетекчиси Икрамали Акматовду негизсиз кызматтан четтетип жаткандыгы тууралуу жазылган. Ошондой эле катта: “министр Нурлан Сулайманов коллективге салбай эле бир ай мурун буйрук чыгарып, жаңы жетекчини дайындоосу, ал эми Икрам Акматовду коркутуп -үркүтүү, кайра-кайра текшерүүлөрдү жөнөтүү менен аны өз калоосу менен арыз жазууга мажбур кылып жатат, башкармалыктын кеңсеси Баткен шаарында уюшулгандан бери министр бир да жолу басып келип, элдин абалын сураган жок,» деп жазылат.
Учурда Акматовду коргоо комитети түзүлгөн. Эгер жолдонгон каттарга адилеттүү жооп болбосо, жамаат ачкачылык жарыялоого даяр экенин башкармалыктын профсоюздук комитетинин төрагасы Камалидин Сафаров 4-августта «Азатыкка» маалымдады. Белгилеп кетүүчү нерсе Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолдор башкармалыгынын жумушчулары 1 млн. 312 миң сом айлык акыларын ушул күнгө чейин алыша элек.(SA)