Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:37

11:00 “Манас ордону коргоо” кыймылы президентти Кароолдөбөгө чакырышууда


“Манас ордону коргоо кыймылы” президент Курманбек Бакиевди “Манас ордого” келип, Кароолдөбөгөгү казуу иштери менен жеринен таанышуусун жана ага карата баасын берүүсүн талап кылышууда. Буга чейин “Атамекен” партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шерниязов дүйшөмбү күнү президент менен Кароолдөбөдө жолугушары тууралуу айтылган. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган жок.
“Манас ордону коргоо” кыймылы 3-августта “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын демилгеси менен түзүлгөн. Ага коомдук уюмдар, кээ бир саясатчылар жана жеке адамдар кирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG