ШКУнун саммити учурунда баш калаанын коопсуздугун Шаардык ички иштер башкармалыгынын бир миң алты жүз кызматкери камсыз кылат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын жетекчиси Молдомуса Конгантиев билдирди. Шаардык милиция кызматкерлеринин кийим-кечесин жаңылоо үчүн мамлекеттик бюджеттен эки миллион үч жүз миң сом бөлүнгөн. Тартип коргоо кызматкерлери ШКУнун саммити учурунда көчөдөгү, коомдук жайлардагы коопсуздукту камсыз кылып, шаар конокторуна ар тараптуу жардам көрсөтмөкчү. (ZMa)