Аз камсыз болгон жана социалдык жактан корголбогон үй бүлөдө өсүп жаткан 25 өспүрүм Ысыккөлдө эс алып, ден-соолугун чыңдай алат. Өспүрүмдөр “Барчын” балдар лагеринде үч жума болот. Мындай мүмкүнчүлүктү аларга Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тартуу кылды. Кайрымдуулук акцияны орусиялык дипломаттар өз эсебинен өткөрүштү. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады. (ZMa)