Бул дартка кабылгандардын жыйырма сегизи шаар тургундары, он тогузу башка облустардан келген адамдар. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Адылбек Жүзөнов маалымдады. Анын айтымында, оорулууларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн. “Августтун орто чендеринде Бишкектин четиндеги жети көлмөгө гамбузий деп аталган кичинекей балыктар кое берилет. Алар безгек оорусун козгогон чиркейлердин жумурткаларын жоготот”,-деди А. Жүзөнов. Учурда “Акбосого” жана “Акбата” жаңы конуштарында алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул конуштар “Аларча” суу сактагычынын жанына жакын жайгашкан. Аталган суу сактагыч безгек оорусунун очогу болуп эсептелет деп кошумчалады башкы дарыгер. (ZMa)