Мындай пикирин “Азаттыкка” билдирген Токтайым Үмөталиева ЖК депутаттары, президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов тарабынан мамлекет башчыга кабар жетти деп эсептейт. Анын айтуусунда “Манас ордодогу” казуу иштерине каршы жалпы кыргыз элинин колун чогултуу иши башталмакчы. Мындан тышкары “Манас ордону коргоо” кыймылы Кароолдөбөдөгү казууларга кайдыгер карабаган жалпы дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын добушун алуу максатында электрондук сайт түзүүгө киришти.(ZKo)
14:50 Токтайым Үмөталиева: “Кароолдөбөдөгү казуу иштери тууралуу президент билбейт дегенге ишенбейм”