Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

17:15 Кыргызстанда нан азыктарынын кымбатташы дан импортуна байланыштуу


Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандагы нан азыктарынын баасын төмөндөтүү үчүн сырттан 169,5 миң тонна дан сатып алуу зарыл. Бул бөксө мурда Казакстандан алып келинген буудай менен толтурулчу. Июль айынын башынан тарта алардын өзүндө да буудай тартыш болуп, казак өкмөтү данды сыртка чыгарууга тыюу салган деп маалымдалат анда.
Ошондой эле быйылкы жылы буудай түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу 50 миң тоннага аз жыйналат деген божомол бар. Буга дан эгиндерин айдоо үстүбүздөгү жылы кескин кыскарып кеткендиги себеп катары айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG