21-августта “Жарандык платформа” коомдук бирикмеси тегерек стол өткөрөт. Бир катар партия мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдар, Борбордук шайлоо комиссиясынын, президенттик администрациянын өкүлдөрү жана жаш саясатчылар катыша турган тегерек столдо шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жарандык платформа” коомдук бирикмесинин жетекчиси Алишер Мамасалиев билдирди. Жаш саясатчынын айтымында, шайлоо кодексине ылайык, депутаттык орун үчүн аттанган талапкер жүз миң сом салык төлөйт жана саясий жараяндарга катыша турган адамдын курагы 35-жаштан жогору болушу керек. А. Мамасалиевдин пикиринде, ушул маселелер жаштардын саясатка аралашуусуна жолтоо болууда. Тегерек столдо ушул өңдүү маселелер талкууланып, эгерде катышуучулар бул сунушту колдосо, анда ал депутаттарга жолдонот. (ZMa)