Бул тууралуу “Азаттыкка” Ж. Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиева маадымдады. Анын айтымында, Жыпаргүл Арыкова учурда жакын адамдарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданууда. “Жыпаргүл ата-энеси, бир туугандарынын митингге чыкканын угуп, алардан мындай иш-чараларды токтотуусун суранды. Арыкова жакындарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданууда”,-деди А. Касымалиева. Адвокат ушул тапта Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызын Жогорку сотко жолдоду. Бирок сот учурда жайкы тыныгууда болгондуктан, азырынча арыз карала элек. 3-августта Ж. Арыкованын ата-энеси Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин имаратынын жана Акүйдүн алдына кызынын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен пикетке чыгышкан. Ж. Арыкова “тыңчылык кылган” деп айыпталып, ага жаза кодексинин 292-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 19-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан камакка алынган. (ZMa)