Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

8:45 “Манас ордону коргоо” кыймылы бүгүндөн тарта республика боюнча кол топтоо иштерин баштайт


Таластагы Кароолдөбөгөгү казуу иштерин тез убакыттын ичинде токтотууну жана ага карата укуктук баа берүүнү талап кылган кыймыл эксперттик топ түздү. Ага акындар, “Манас” эпосун жакшы билгендер, тарыхчылар кирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева маалымдады. Анын айтымында, “Манас ордону коргоо” кыймылы интернетте өз сайтын жана электрондук дарегин ачты. “Каалаган адам бизден маалымат алып, пикири менен бөлүшө алат”,-деди Т. Үмөталиева. Бүгүн “Атамекен” партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шерниязов президент менен Кароолдөбөдө жолугушары тууралуу айтылган. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган жок. (ZMa)

XS
SM
MD
LG