Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

8:50 Алишер Мамасалиев: Акыйкатчы өз сөзү үчүн жооп бериши керек


“Жарандык платформа” коомдук бирикмесинин жетекчиси Алишер Мамасалиев акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу өз сөзү үчүн жооп бериши керек деген оюнан кайтпайт. Жаш саясатчынын айтымында, акыйкатчынын учурда кол тийбестик укугу бар. “Бирок акыйкатчы кызматынан кеткенден кийин, мен бул ишти соңуна чыгарам. Турсунбай Бакир уулу айткан сөзүн далилдеп, мени Улуттук коопсуздук кызматына тапшырышы керек, же эгерде менин чет өлкөлүк атайын кызматтар менен байланышымды далилдей албаса, кызмат ордун бошотушу керек”,-деп кошумчалады А. Мамасалиев. Анын ырасташынча, бейөкмөт уюмдары акыйкатчынын ишин сынга алып, анын ордуна башка адамдын келиши керектигин айтып чыгышканда, Турсунбай Бакир уулу аларды “чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен байланышы бар” деп айыптаган. Ал эми акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болсо эч кимди чет өлкөнүн тыңчысы деп айыптабаганын айтууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG