Бул тууралуу өкмөттүн «Көп тараптуу "Ак жол» өткөрмө пунктунда Кыргыз Республикасынын чегарасы аркылуу өтүүгө убактылуу чектөө жөнүндөгү" токтомуна киргизилген өзгөртүүдө белгиленди. 9-июлда кабыл алынган токтомдо өкмөт казак-кыргыз чегарасындагы транспорт каттамдарын түнкү саат 10:00 дон эртең мененки саат 7:00ге чейин белгилеп, калган убактарга тыюу салган. Бул «Ак жол» пунктун реконструкциялоо иштери менен байланыштырылган. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, реконструкциялоодогу монтаждоо, жардыруу иштери аяктагандыгына байланыштуу өкмөт жолду ачуу тууралуу кошумча токтом чыгарды. (BuS)